Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Валентина Шевченко UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргоду.
11-майда Канаданын Монреаль шаарында кыргызстандык спортчу UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорого каршы чыгып, жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоду.
5 раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар Шевченконун жеңишин бир добуштан таанышты.
Валентина Шевченко UFC уюмунда 18 беттеште 14-жолу жеңишке жетишип, титулун сегизинчи жолу коргоду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
