Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык Валентина Шевченко кийинки беттеши үчүн мүмкүн болгон 2 атаандашынын атын атады.
11-майда Канаданын Монреаль шаарында кыргызстандык спортчу UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорого каршы чыгып, жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоду. 5 раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар Шевченконун жеңишин бир добуштан таанышты.
Валентина Шевченко UFC уюмунда 18 беттеште 14-жолу жеңишке жетишип, титулун сегизинчи жолу коргоду.
Ошол эле турнирде жеңил салмактагы мурдагы чемпион Алекса Грассо мексикалык Наталья Силвага (Бразилия) утулуп калды. Фиоро жеңилгенден кийин бразилиялык кыз чемпиондук беттешке негизги талапкер болууда.
«Мен UFC′ге титул үчүн келгем. Валентинадан мен тууралуу сурашкан экен. Ал мени тааныбай турганын айтып, жооп берген. Менимче, анын мени тааный турган убагы келди», – деген Силва жеңишинен кийин.
Шевченко беттештен кийинки пресс-конференцияда кийинки атаандашы тууралуу суроого жооп берди.
«Азыр мага баары бир эле “Кийинки атаандашың ким болот — Силва же Вэйли Чжанбы?” деп суроо берип жатышат. Чындыгында билбейм. Балким, бул маселени күйөрмандар чечиши мүмкүн. Алар мени “OnlyFans” сайтынан таап, кийинки беттеште кимди көргүсү келерин жазып коюшса болот. Ошондо ким кийинки болорун көрөбүз», – деген Шевченко.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
