Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ватиканда кардиналдар кеңеши биринчи отурумунда жаңы папаны шайлай алышкан жок
Янгиликлар

Ватиканда кардиналдар кеңеши биринчи отурумунда жаңы папаны шайлай алышкан жок

Май 8, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Ватиканда жаңы Рим папасын шайлоо үчүн өтүп жаткан конклавдын (кеңеш) катышуучулары, добуш берүүнүн биринчи айлампасында бир ойго келе алышкан жок.

Конклавга Кардиналдар коллегиясынын 133 мүчөсү катышууда. Апостолдук тактыга шайлануу үчүн талапкер кардиналдардын кеминде экиден үч бөлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек, башкача айтканда, конклавдын катышуучуларынын кеминде 89 добушун алышы керек.

«Vatican News» порталы бир нече саатка созулган биринчи турдун жыйынтыгы тууралуу кабарды Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 45 миңге жакын адам күткөнүн маалымдады. Бул күндөрү күнүнө 4 жолу добуш берүү сессиясы өткөрүлөт — экөө күндүн биринчи жарымында жана экөө экинчи жарымында. Эгерде алар ийгиликсиз болсо, анда жыйынтыктар жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 12лерде жана кечки саат 7лерде кара түтүн аркылуу жарыяланат. Эгерде кардиналдар күнүнө биринчи жана үчүнчү раунддарда понтификти шайлоого жетишсе, анда ак түтүндү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да же 17:30да күтүүгө болот.

Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында каза болгон. Анын өлүмүнө өнөкөт оорулардан улам келип чыккан инсульт себеп болгон. Ал Ватиканды 2013-жылдын мартынан бери жетектеп келген.

Конклавка 80 жашка чыга элек кардиналдар катышып, шайлана алышат.

Шайлоо Сикстин капелласында өтөт. Жаңы папа аныкталганга чейин кардиналдарга тышкы дүйнө менен байланышууга тыюу салынат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектеги «Өлбөс полк» акциясынын маршруту
Next Article Бишкектеги Жеңиш аянтына парадга чыкчу аскер техникалары коюлду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.