Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 11-майда социалдык тармактарда аскерлерди шылдыңдоо фактысы тартылган видео тарады.
Аскер прокуратурасы билдиргендей, окуя ӨКМдин 86123 аскердик бөлүгүндө болгон. Аскер кызматчысына карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча аскердик бөлүктүн офицерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту (уруп сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштерин Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. Жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Шектүүлөр Аскер прокуратурасына жеткирилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
