Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 9-майда Чүй облусунун Москва районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди. Анда майрамдык жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Жеңиш күнүн 3 миңден ашуун адамдын катышуусунда райондун борбору Беловодск айылында өттү. Анда райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлери, айыл өкмөттөр, тургундар «Өлбөс полк» жүрүшүнөн өтүштү.
Өзгөчө борбордук аянтта Ч.Айтматовдун «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Жамийла» чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр, райондон чыгарылган автоунаалар жана жаш таланттардын көргөзмөсү көрүүчүлөрдү кызыктырды. Ошондой эле майрамдык салтанатта оюн-зоок кечелери уюштурулуп, маданият кызматкерлери жана балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Жеңиш күнүндө коопсуздукту көзөмөлдөөгө 60 тартип сакчылары иш тартылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
