Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кремлде белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземинде Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн жабыштырылган сүрөттү жерден алды. Бул чет элдик лидерлер менен биргеликте сүрөткө түшүү аземинде болгон.
Телекамералардын объективдерине түшкөн кадрларда Жапаров Си Цзиньпин, Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана башкалар менен бир катарда турганын көрүүгө болот. Коноктор протоколго ылайык сүрөткө түшүүгө тизилишет. Мындай учурларда протокол кызматы лидерлер турушу керек болгон жерге белгилерди жана көрсөткүчтөрдү калтырат. Садыр Жапаров жерден стикерди байкап, андан кийин ийилип аны жерден жулуп, бүктөп чөнтөгүнө салып койгон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-9-май күндөрү Москвада болуп, Россия президенти В.Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
