Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылдык китепканасынын ишмердүүлүгү жана китепкананын өзгөчө окурмандары менен аймактык кабарчы таанышты.
Аталган чакан айылдагы Гүлжамила Шакирова атындагы айылдык китепкананын китепканачысы Гүлнура Кудайбергенованын айтымында, китепкана 1986-жылы түзүлүп, 2021-жылы 12-октябрь күнү акын Гүлжамила Шакированын ысымы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө китепканада 4279 китеп фонду бар. Китепканага бир аптада 50дөн ашык окурман кайрылып турат. Китепканада өзүндө кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, улуттук баалуулуктар ийрими ачылып, иш алып барып келет. Ошондой эле, мектеп жана бала бакча менен биргеликте «Акыл ордо» таймашы, «Жомокторго саякат», «Көркөм окуу» жана башка даталуу күндөргө карата адабий иш-чаралар белгиленип келет. Мындан тышкары, жайкысын балдар жана айыл тургундары үчүн 1 айлык жайкы лагерь уюштурулуп, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолгон иш-чаралар белгиленип келүүдө.
Китепканачы Гүлнура Кудайбергенова китептин таасири менен өз ишкерлигин баштап кеткен жана башка өзгөчө окурмандары тууралуу айтты.
 
Гүлнура Кудайбергенова
// Өздүк архивден
«Буга чейин китепканачы болуп Канымжан Мамбеталиева эже иштеп, бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Ал киши ардактуу эс алууга кеткен. Менин иштеп жатканыма 2 жылга чукул убакыт болуп калды. Негизги окурмандарыбыз мектеп окуучулары. Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар башталганына байланыштуу окуучулар көп кайрылууда. Мындан тышкары, үйүндө отурган улгайган адамдар китеп окушат. Аларга керектүү, окуй турчу китептерин үйлөрүнө жеткирип берип турам. Ошондой эле, жайлоого көчүп кетип жаткан малчылар том китептерди алып кетип, окушат. Албетте өзгөчө окурмандарыбыз дагы жок эмес. Китеп окуп, андан таасирленип ишкерлик баштап кеткен келиндер бар. Алардын бири Элнура Каухарбек кызы китеп окуганга деле кызыкчу эмес экен да. Бир жолу келип “Кичи бизнестеги чоң акчалар” аттуу чыгарманы алып кеткен. Ал китепти окуп, андагы окуялардын таасири менен учурда өзүнүн чакан ишкерлигин баштап кетти. Ошондон бери, китепканага байма-бай келип, китеп алып турат. Мындан сырткары, Майрамкүл Турдукеева деген эжебиз дагы өзгөчө окурмандарыбыздын бири. Бул киши дагы чакан соодагерлик жана кол өнөрчүлүк менен алектенгендигине карабай ар дайым китепканага келип, китеп окуп турат. Ал тургай ал эжебиз китепканада өткөрүлгөн маданий жана адабий иш-чараларга жигердүү катышып, окуучуларга кол өнөрчүлүктү үйрөтүп берет. Китепканада сүрөт ийримибиз бар. Бакытбек кызы Мериза деген окуучу кыз ар дайым келип сүрөт ийримине катышып, дайыма китеп окучу. Ал окурманыбыз мектепти бүтүп кетип, учурда көркөм сүрөт окуу жайында окуп жатат», – деди Г.Кудайбергенова.
Окурман Элнура Каухарбек кызы китеп окуп, анын таасири менен чакан ишкерлик кылып баштаган.
 
Элнура Каухарбек кызы
«Мен 5 баланын энесимин. Буга чейин декреттик отурган айымдардын бири болчумун. Анан “эмне иш кылсам, кандай жолду тандасам” деп ойлонуп жүрдүм. Бир күнү китепканага кирдим. Ал жактан “Кичи бизнестеги чоң акчалар” аттуу китепке көзүм түшүп калып, үйгө алып келип окудум. Китептин ичинен базарда араба түртүп иштеп, соодагерликке өтүп кеткен бир каармандын баяны мени абдан таасирлентти. Мен дагы бош отурбай ишкерлик кылайын деп, алгач мармелад жасоону онлайн окуп чыгып, мармелад жасадым. Биринчи жасаганым окшошпой, кыйналдым. Акыры жасап, Майрамкүл эженин дүкөнүнө ар бир даанасын 20 сомдон өткөрдүм. Балдар тамшанып жегенин көрүп абдан кубандым. Анан баягы китепти кайра-кайра окуп чыктым. Андан кийин, трубичка жасап, айылга саттым. Бир паста өтүп кетти. Андан соң, Баетов айылына сата баштадым. Муну менен токтоп калбастан вена вафлисин жасадым. Булардан түшкөн акчаларымды чогултуп, учурда “крылышки” жасайм. Дайыма жасап алып сатпайм. Буйрутма менен жасап берем. Кудайга шүгүр. Жакшы эле киреше таап жатам десем болот. Ушунун баарына китеп таасир этип, дем берди. Экинчиден, кудайдын буйругу жана аракеттен дагы болду деп эсептейм. Өзүм буга чейин китеп окуганга деле кызыккан эмесмин. Учурда, китепканага дайыма кайрылып, китеп алып окуп турам», – деди Элнура Каухарбек кызы.
Ал эми айыл тургуну Майрамкүл Турдукеева китеп окуп жүрүп, коомдук маданий иштерге аралашып кеткен.
 
Майрамкүл Турдукеева
«Өзүм китепкананын жанында жашайм. Соодагерлик кылам. Бош убактымда китепканага кирип, китеп окуйм. Китепканадан китеп окуп, кадимкидей эс алам. Өзгөчө, акын Гүлжамила Шакирова эженин ырларын окуп, ырларын жаттап алам. Китепканага кирип, китеп окуп, мурунку китепканачы Канымжан эжеге иш-чараларга жардамдаша коюп жүрүп, жыйынтыгында коомдук маданий иштерге аралашып кеттим. 2021-жылы китепканага Гүлжамила Шакирова эженин ысымы ыйгарылып, ачылыш аземи болбодубу. Ошондо Канымжан эже “Ай Майрамкүл, Гүлжамила эже өзү келет, ырларын көп окуп, көп жаттачу элең, 1-2 ырынан көркөм окуп берип койчу” деп чакырып калды. Анан, мен макул болуп, иш-чарага бардым. Атагы чыккан акындын маңдайына туруп алып чыгармасын көркөм окуп берип, эжеден алкыш уккам. Мындан тышкары, ушул китепканада жүрүп эле өзүбүздүн обончу Калмурат Рыскуловдун чыгармаларын өсүп келе жаткан муун биле жүрсүн деген максатта “Калмураттын жеңелери” топ түзүп, маданий кечелерде чыгармаларын аткарып жүрөбүз. Ошондой эле, өзүм кол өнөрчүлүк менен дагы алектенем. Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн кийинки муун “билбей калбасын, жасай албай калбасын, билгенибизди үйрөтүп туралы” деп китепканага келип окуучу кыздарга сайма сайганды, кийиз, шырдак жасаганды үйрөтүп турам. Эми ушунун баарына багыт алып кеткенге китепкананын, китеп окугандын таасири болду», – деди Майрамкүл Турдукеева.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					