Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас облусунда унаа башкарган окуучулар кармалды.
ОИИББдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдагандай, окуучулар айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүрүшкөн.
26-май күнү акыркы коңгуроо иш-чараларынын алкагында жол кырсыктарын алдын алуу максатындагы рейд жүргөн. Анын алкагында айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган мектеп окуучулары аныкталган.
Натыйжада унаалар токтотулуп, айып аянтчасына киргизилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды