Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка—Туз унаа жолунун чуңкурлары 10 күндүн ичинде оңдолот. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.
«Бул жолду №43 жол тейлөө ишканасы карайт. План боюнча бул жолду оңдоо иштери 27-майдан башталат. Тактап айтканда 10 күндөн ичинде аң-чөнөктөрү жасалып бүтөт. Азыр жол тейлөө ишканасы Красная-Речка—Ысык-Ата унаа жолун бүтөйүн деп калды. Ошол жакты бүткөн соң келе жаткан жуманын ичинде жасалат», – деп айтылат маалыматта.
- Буга чейин жергиликтүү тургундар Новопакровка айылынан Туз, Чоң-Далы айылдарына кеткен жолдун абалын айтып нааразы болушкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
