Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Ата районунда Новопокровка—Сары-Жон унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин көпүрөдө оңдоо иштери жүргүзүлүп, чоң унаалардын кыймылын чектөө үчүн атайын арка коюлган.
Окуя тууралуу:
Акимчилик 3-майда Ысык-Ата районундагы Новопокровка жана Ленин айылдарын бириктирген Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келип жабылганын кабарлаган. Анда көпүрөнүн авариялык абалга келишине Бишкек—Кант унаа жолунун курулушуна байланыштуу Новопокровка—Сары-Жон каттамы боюнча жүк ташуучу унаалардын кыймылы себеп болгону айтылган.
Айланма жол:
Натыйжада альтернативдүү Бишкек—Ысык-Ата—Кант унаа жолундагы көпүрө бетон блоктор менен тосулуп, Сары-Жон—Новопокровка жолу жабылып, унаа кыймылы толугу менен токтотулган.
Транспорттун агымын камсыз кылуу үчүн Новопокровка—Туз унаа жолу аркылуу Чоң Чүй каналынын жээгин бойлой убактылуу айланып өтүүчү каттам уюштурулган. Бирок Сары-Жон—Новопокровка жолу да жабылганы белгилүү болгон.
Көпүрөнүн техникалык абалы
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Новопокровка—Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө 1966-жылы курулуп, узундугу 40 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Көпүрө №43 Жол тейлөө ишканасынын балансында турат.
Тургундардын биринин айтымында, алар көпүрөнүн авариялык абалы боюнча жергиликтүү айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылып, оор жүк ташуучу унаалар боюнча эскертишкен.
«Бул жол менен оор жүк ташуучу унаалар, «Хово» жана цемент ташыган унаалар өтөт. Бул боюнча биз бир нече жолу айыл өкмөтүнө кайрылганбыз», – деген тургун.
Көйгөйдү жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүп жатканы айтылган.
Көпүрөнү оңдоо иштери:
Кечээ, 21-майда көпүрөгө жүк ташуучу унааларга чектөө коюлган арка тургузулганы кабарланган.
«Түшүп кеткен устунду калыбына келтириплип, үстү бетондолду. 21-майда жолго асфальттоо иштери жүргүзүлөт жана ошол күнү жол каттамын ачуу пландалууда. Көпүрөнүн эки тарабына бийиктиги 3 метр болгон арка орнотулган. Себеби каттам жеңил унаалар үчүн гана ачылат (жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилет). Жүк ташуучу бийик унаалардын өтүшү кооптуу болгондуктан, аларга Бишкек шаары аркылуу өтүү сунушталат», – деп айтылган маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
