Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 5-май күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов чет элдик инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын курамында Кытай Эл Республикасынан келген «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» компаниясынын жетекчиси Дай Даогуо башында турган өкүлдөр болду.
Жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жөнгө салуу максатында Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталды.
Инвесторлор азыркы учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту 2025-жылдын ичинде баштоого мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришти.
«Таштанды көйгөйү — бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы. Биз бул маселени заманбап ыкмалар менен, инвестициялар аркылуу чечүүгө аракет кылуудабыз. Экологияны сактоо жана жарандардын ден соолугу — башкы артыкчылыгыбыз. Өкүлчүлүк тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт», – деди Бакытбек Жетигенов.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» компаниясынын ортосунда алкактык макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун алкагында инвесторлор тарабынан заводдорду куруу, жабдуулар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлөт.
Бул долбоорлор ишке ашса, облустагы таштанды маселеси системалуу чечилип, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү факторлор азаят. Ошондой эле, калктын жашоо сапаты жогорулайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
