Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл районунун Ананьев айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылында адам өлүмүнө алып барган кылмыш катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 4-май күнү Ысык-Көл РИИБге Көк-Дөбө айылынын тургуну — 1981-жылы туулган А.У. дене жаракаттары менен Ананьев айылындагы ооруканага жеткирилгени тууралуу кабар келип түшкөн.
Бул факт Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 5-майда жабырлануучу облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Тилекке каршы, алган жаракаттарынын кесепетинен 6-май күнү каза болгон.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 4-май күнү саат 17:00 чамасында Көк-Дөбө айылынын аймагында А.У. айылдаштары — 1973-жылы туулган К.Н., 1982-жылы туулган И.М. жана 1973-жылы туулган К.У. менен спирт ичимдиктерин ичип отурган учурда пикир келишпестиктен улам жаңжал чыккандыгы аныкталган. Анын натыйжасында А.У. башына оор жаракат алган.
Бул факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ысык-Көл РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 1973-жылы туулган К.У. кармалган. Алдын ала сурак учурунда шектүү К.У. маркум А.У.ну таяк менен башка урганын билдирип, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүү К.У. эки айга камакка алынган. Тергөө амалдары уланууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
