Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт
Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиялардын биринде окуган бүтүрүүчү класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, окуучуну сарайда асынып турган абалда таенеси таң эрте таап алган.
«Апасынын жалгыз уулу болчу. Мектепте токтоо мүнөздүү, жакшы окуган окуучу эле. 9-май күнү классташтары менен жолугуптур деп уктук. Ошол эле түнү сарайга барып, өзүнө кол салган экен. Таң эрте таенеси асынып турганын көрүптүр. 11-майда жерге берилди. Болжол менен бир ай мурун 9-класска чейин окуп, кийин колледжде билим алып жаткан классташы дагы өз жанын кыйган. Эмне себептен мындай кадамга барышканы белгисиз. Мектепти бүтүрүп, чоң турмушка аттанып жаткан балдар эле — бул абдан өкүнүчтүү», – дешет айыл тургундары.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
