Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Туристтик мезгилдин башталышы менен Ысык-Көл облусунда унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу учурлары да арткан.
Мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун кооптуу жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкелерге чыккан, туура эмес озуп өтүү эрежелерин бузган жана катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар аныкталууда. Бул иш-чара учурунда 20 мүнөттүн ичинде одоно эреже бузган 7 айдоочу аныкталды.
Буга чейин Бишкек—Ош жана Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолдорунда “жол эрежелери учуучу аппарат менен көзөмөлдөнөт” деген эскертүү көрнөкчөлөрү орнотулган. Алдыдагы туристтик мезгил учурунда бул унаа жолдордо да дрон учурулуп, анын жардамы менен эреже бузган айдоочулар аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
