Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-көлдүк уста 30 миң долларга чейин бааланган боз үйлөрдү жасайт
Янгиликлар

Ысык-көлдүк уста 30 миң долларга чейин бааланган боз үйлөрдү жасайт

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 35 жаштагы тургуну Урмат Бадачы уулу 30 миң долларга чейин бааланган боз үйлөрдү жасайт. Уста менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Анын айтымында, жыгачтан жана темирден боз үйлөрдү жасайт.

«Бишкек автомобиль-жол колледжинде бухгалтердик кесип боюнча билим алгам. Устачылык менен алектенгениме 5-10 жылдын жүзү болуп калды. Кошуна Бейшеке Бектенов атадан көрүп, үйрөнгөм. Учурда боз үй жана учурдун талабы болгон этно эмеректерди жасайбыз. Буюртма абдан жакшы. Жада калса жакынкы жана алыскы өлкөлөргө чейин буюртма беришет. Буюртманы бүтүрүп берүү татаалдыгына жараша болот. Хан боз үйдү 4-5 айга чейин жасайбыз. Бирок жөнөкөй боз үйлөрдү 1-1,5 ай ичинде кардарга колуна тапшырабыз. Хан боз үй болушунча топтом болуп, ичинде шырдак, стол, сандык, төшөк, жаа жана күмүш менен жасалган ат жабдыктары менен болот», – деди ал.

Уста эмне себептен темир боз үй жасап калганын түшүндүрдү.

«Бир жылдан бери темир боз үй жасайбыз. Темир боз үй жасап калганыбыздын себеби суроо-талап көп болду. Жайлоодогу чабандар жана соода тармагындагылар темир боз үй сурайт. Темирден жасалган боз үй кыйла арзан. Жыгачтан жасалган боз үй кол эмгекти көбүрөөк талап кылат. Баасы 150 миң сомдон 30 миң долларга чейин барат. Ал эми этно фонду көбүнчө түз эфирде улуттук кийим-кече, сүрөт тарткандар жана сахнага фон кылгандар алат», – деди ал.

Урмат Бадачы уулу үй-бүлөлүү, 2 баланын — 1 уул жана 1 кыздын атасы. Учурда жубайы экөө үчүнчү наристесин күтүп жатышат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОшто акыркы коңгуроо салтанаты өткөн күнү 1000ге чукул милиционер коопсуздукту камсыздайт
Next Article Ош шаарында жол куруу иштерине байланыштуу бир көчө ачылып, экинчи көчө жабылат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.