Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда асынып алган 11-класстын окуучусу мектепте социалдык кызматкердин каттоосунда болгон.
М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айзада Ишенбаева маркум окуучу боюнча айтып берди.
«Баланын апасы — биринчи топтогу майып, өзүнчө жашайт. Ал апасынын бир туугандары менен жашачу. Өспүрүм быйыл 20-апрелде дагы өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аман калган. Мектеп, социалдык кызматкерлер жана билим берүү бөлүмү тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүп келген. Баланын өзү экинчи мындай кадамга барбайм деп убада берип, маек өткөрүлгөн. Окуудан калбай келип жаткан.
30-апрелде үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу дагы бир жолу маектешүү жүргүзүлүп, каникул учурунда баланы көзөмөлдөө боюнча тил кат алынган. Ошол учурда өспүрүм психологго баруудан баш тарткан. Окуучу жашаган үй-бүлөнүн мүчөлөрү намаз окушат. Өспүрүм акыркы жолу намаздан кийин, түнкү саат 01:00 чамасында сыртка чыгып кеткен. Таң атканда асынып турган жеринен табылган», – дейт мектеп директору Айзада Ишенбаева.
Окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
- Буга чейин Turmush басылмасы Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиялардын биринде окуган бүтүрүүчү класстын окуучусу өз жанын кыйганын жазган.
 
Айыл тургундарынын айтымында, окуучуну сарайда асынып турган абалда таенеси таң эрте таап алган.
«Апасынын жалгыз уулу болчу. Мектепте токтоо мүнөздүү, жакшы окуган окуучу эле. 9-май күнү классташтары менен жолугуптур деп уктук. Ошол эле түнү сарайга барып, өзүнө кол салган экен. Таң эрте таенеси асынып турганын көрүптүр. 11-майда жерге берилди. Болжол менен бир ай мурун 9-класска чейин окуп, кийин колледжде билим алып жаткан классташы дагы өз жанын кыйган. Эмне себептен мындай кадамга барышканы белгисиз. Мектепти бүтүрүп, чоң турмушка аттанып жаткан балдар эле — бул абдан өкүнүчтүү», – дешет айыл тургундары.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					