Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 19-майда Түштүк Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык уюмунун өкүлдөрү менен облус деңгээлиндеги түзүмдөрдүн катышуусунда жолугушуу өттү.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жыйынга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева төрагалык кылды.
Иш-чара Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту менен KOICA уюму тарабынан биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюштурулду. Долбоордун негизги максаты — ири мүйүздүү малдардын генетикасын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу ыкмаларын өнүктүрүү.
Жыйынга Чунбук улуттук университетинин профессору, долбоордун жетекчиси Чой Сон Хо, «TNT Research» компаниясынын өкүлдөрү Ли А Ён жана Чой Юн Бин катышты. Жолугушууда тараптар долбоордун жүрүшү, Ысык-Көл облусундагы мал чарбасынын учурдагы абалы жана келечек пландар тууралуу пикир алмашышты.
2024-жылдагы маалыматка ылайык, облуста 284 252 баш бодо мал болсо, анын 147 207 башы ургаачы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					