Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы экологияны коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иштерин күчөтүүдө.
Маалым болгондой, туристтик-экологиялык милиция кызматы жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан күнү-түнү тынымсыз рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Май айында жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында көлдүн акваториясынан жалпы аянты 13 800 чарчы метрди түзгөн 138 даана тор табылып, мыйзам чегинде утилизацияланууда. Мыйзамсыз балык уулоо фактылары боюнча 71 даана ар кандай түрдөгү балык алынган.
Эгерде мыйзам бузуу фактыларына күбө болсоңуз дароо ИИМдин 102 кызматына же жакынкы ички иштер органдарына кабар берүүнү өтүнөбүз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
