Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Көлдүн Чымынды-Сай жайлоосуна кетчү жолду суу каптап, көч маалына тоскоол болууда
Янгиликлар

Ысык-Көлдүн Чымынды-Сай жайлоосуна кетчү жолду суу каптап, көч маалына тоскоол болууда

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусундагы Чымынды-Сай жайлоосуна алып баруучу жолдордогу көпүрөлөрдү жана жол тилкелерин катуу келген суу жууп, малчылар жана жергиликтүү тургундар тынчсызданууда. Мындан улам малчылар Түп жана Ак-Суу райондук администрацияларынан жардам сурап кайрылышты.

Тургундардын айтымында, жайлоого жыл сайын эл менен малдын көчүүсү жүргүзүлөт. Бирок учурда суунун нугу көтөрүлүп, көпүрөнүн эки тарабын суу жеп жатат. Мындан улам мал жана жүк ташуучу техникалар үчүн өтө кооптуу болуп калды.

«Жолдордун ушундай абалы адамдардын жана мал-жандын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Көч маалы башталып калды. Эми убакытты өткөрбөй жолдорду оңдоп берүү зарыл», – дешет тургундар.

Ак-Суу райондук администрациясынын маалыматына караганда, бүгүн жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 2 техника жиберилди. Оңдолгонго чейин жергиликтүү бийлик малчыларды Каркыра жайлоосу аркылуу өтүүгө чакырды. Аталган жол менен Ак-Суу районунун 4 айыл өкмөтүнүн малчылары алыскы жайлоого көчөт.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкекте Конституция күнүнө карата ачык асман алдында концерт өтөт
Next Article Баткен шаарындагы Токтогул-Олуя конушунда 100гө жакын үй-бүлө таза суу менен камсыз болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version