Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ысык-Көлдүн жээгине кирүүчү 5 жерге тосмо орнотулду
Янгиликлар

Ысык-Көлдүн жээгине кирүүчү 5 жерге тосмо орнотулду

Май 5, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск аймагында Ысык-Көлдүн жаратылышын жана жээк тилкесин сактоо максатында көл жээкке кирүүчү 5 жерге тосмо орнотулду. 

Каракол шаарындагы 9-чу муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Улан Байбосуновдун айтымында, унаалар көлгө чейин кирип кеткен учурлар болууда. 

«Биздин максат — Ысык-Көлдүн жээгин унаалардан жана оор техникалардан коргоп, табигый экосистеманын сакталышына шарт түзүү. Тосмолор пляждарды эмес, негизинен унаалар менен уруксатсыз кирүүчү “жапайы” тилкелерди жабууга багытталган. Эс алуучулар унаалары менен келип, эс алып, таштанды таштап кетишет. Айрым учурда бул аймактарда унаалар көлгө чейин кирип жатышат. От жагып, кээде дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн учурлар болот. Желим бөтөлкөлөр, желим баштыктар ташталат. Андыктан бул аймактарга унаалар гана кире албагыдай тосмолорду орнотууга аргасыз болуп жатабыз. Ал эми жөө адамдар үчүн тоскоолдук жок, жөө басып өтүп, эс алууга болот. Бардык эс алуучулардан көлгө аяр мамиле кылууга чакырабыз», – дейт ал.

Жабылган аймактар:

«Раксалад» дүкөнүнөн өткөндөгү аймак, Пристань СМУ «Пожарка» аймагынын эки жеринен, Пристань-Понтон аймагынан эки жерден (пляжка чейин ачык, андан кийин жабык). 

Буга чейин Turmush басылмасы «Toyota Sequoia» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ысык-Көлдүн жээгине чейин айдап баргандыктан унаасы кумга тыгылып калганын жазган. 

Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, «Toyota Sequoia» үлгүсүндөгү автоунаа көл жээкке кирип, автоээнбаштык кылгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видеотасмага түшүрүлүп, интернет булактарына тараган.

Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан бул автоунааны табуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогорудагы унаа табылган. Анын кыймыл аракетине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, автоунаасы айып короого токтотулду.

Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (15 000) айып пул салууга алып келет.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБул жөнүндө дайыма ойлоном, – Путин өзүнөн кийин бийликке ким келери тууралуу
Next Article Түркияда оппозициялык партиянын лидерине кол салуу болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.