Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Назира Мосейитова. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
«Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөм, бирок Бишкек шаарында чоңойдум. Турмушка 17 жашымда чыкканыма байланыштуу жогорку окуу жайды аяктаган жокмун. Бул да болсо маңдайга жазылган тагдыр, айрым кыздар эрте турмуш курушса, кээ бирлери кечирээк дегендей. Эрте турмуш курганыма эч өкүнгөн эмесмин. Учурда 3 уул жана 1 кыздын мээримдүү энеси, жолдошумдун асыл жары болуп, бактылуу күн кечирүүдөмүн. Анда эмесе, менин турмушка чыгышыма түрткү болгон окуямды айта кетейин.
Жай мезгили эле. Курбу кызым Ысык-Көлдөгү байкесинин (кайнагам) кафесине иштегени чакырып калды. Анан макул болуп, ошондо Ысык-Көл жергесине биринчи жолу келгем. Курбум (кайын сиңдим) экөөбүз эс алып, үйдөгү жумуштарына жардам берип жүрдүк. Анан кайнагам жолдошум Дидарга мени көрсөтүп: “Ушул кыз менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү, жакшы кыз экен, үй оокаттарын мыкты жасайт экен” дептир. Ошол убакыттан тарта Дидар мени менен жакындан таанышып, сүйлөшүп баштадык. Бири-бирибизди жактырып, мүнөзүбүз да дал келишти. Жайкы каникул аяктаганда мен кайра Бишкек шаарына кеттим. Жалпы 2 ай сүйлөшкөн соң, Дидар турмуш куруу сунушун киргизип, артымдан борборго келди. Мен өзүмдүн макулдугумду берип, Ысык-Көлгө аны менен чогуу кетип калдым. Үйдөгүлөр “али жашсың” деп, каршы чыгышты. Бирок мен алардын айтканына көнбөй, “кетпейм, жашайм” деп туруп алдым. Ата-энем “окууңду бүтүрүп, анан күйөө тий” дешти, бирок мен ошол учурда жолдошумду катуу сүйгөндүктөн, окууну эмес, аны тандадым. Ошентип, үй-бүлө бакытын тандап, окубай калганыма байланыштуу учурда балдарымдын билимине, мектептеги жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурам. Аны менен катар келечекте сырттан болсо да окууну кыялданып жүргөн чагым», – деди ал.
Каарманыбыз учурда эмне менен алек болуп жатканын айтып берди.
«Жолдошумдун аты-жөнү Дидар Исмаилов, 1988-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган. Азыркы тапта ушул эле жерде жашайбыз. Өзү музыкалык окуу жайда билим алган, бирок аягына чейин окуп бүтүргөн жок. Учурда мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн өстүрүп, багбанчылык менен алек. Жаз келип, бул тапта көчөт сата баштадык. Жолдошум балдарыма камкор ата, мага сүйүктүү жар. Кандай гана учур болбосун мени колдоп, жанымда экенин сездирип турат.
Замандын талабына жараша социалдык тармактарда активдүүмүн. Алгач блогер болоюн дегенде, жолдошум көп көңүлдөнгөн жок. Анан менин видео тартып, монтаждаганды жактырарымды байкап, колдой баштады. Инстаграмдагы баракчама жүктөгөн бир видеом 1 миллион көрүүчү жыйнаганда, “андан ары аракет кыла бер” деп жолдошум алдыга умтулуума түрткү болду. Азыркы тапта аталган видеом 4,6 миллион көрүүчү жыйнады. Келечекте балдарыма туура тарбия жана билим берип, коомдун алдыңкы күчүнө кошкум келет. Ошондой эле блогерликти өнүктүрүп, мага окшоп үйдө отурган кыз-келиндерге жардам берүү кыялым бар.
Жаш келиндерге айтарым, өзүңөр жаккан иш менен алектенгиле. Көбүнчө бала багып, үй оокаты менен алек болуп, өзүбүздү такыр унутуп кетебиз. Ошентсе да азыр интернет жана технология заманында баары жеткиликтүү эмеспи. Эгер кааласаң бардык нерселерди билип, үйрөнүп алсаң болот», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					