Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген адамдар өз үйлөрүн таштап, башка аймактарга эвакуацияланууга мажбур болушкан. Алардын арасында Ленинград шаарынан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына алып келинген Гулия Миңкеева (Елена Осипова) да болгон. Жашоонун оор сыноолоруна карабай, Гулия кыргыз жеринде өсүп, ушул жерде жашап калган.
Кийинчерээк бул окуя тууралуу «Гулия» аттуу даректүү тасма тартылып, анын өмүр жолун чагылдырган. Бул тасманын аркасында Гулия Ленинграддагы туугандары менен табышкан.
- Елена Осипова ата-энеси жана иниси Костя менен Россиянын Ленинград шаарында, тактап айтканда азыркы Санкт-Петербург калаасында күн кечирип келген. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, шаардагы көп жылдык тарыхы бар архитектуралык имараттар, сарайлар жана турак үйлөрдүн баары снаряддан улам кыйроого учураган. Фашисттик немистер басып алган аймакта Елена курдуу көп балдар ата-энесинен ажырап калган.
Атасы кан майданга кетип, кайтпай калыптыр. Апасы фабрикада жумушчу катары иштеп жүрүп, оорудан улам көз жумган. Ошентип, Елена 8 жашында томолой жетим атка конот. Ал кезде ата-энесинен ажыраган балдарды поезд аркылуу Орто Азияга эвакуациялоо иштери жүрөт. Жалгыз иниси Костя менен жетелешип бараткан Еленаны андан ажыратып, башка вагонго салышат. Ошондо 8 жашар кыз: «иним экөөбүздү ажырата көрбөгүлө» деп чыркырап ыйлаган бойдон калган экен. Иниси түшкөн эшелонду фашисттер бомбалап, арттагы вагондор жарылып кетиптир…
Ленинграддан Жети-Өгүз районунун Саруу айылына эвакуацияланып келген 150 баланын арасында Елена да болгон. Алардын баарын балдар үйүнө жайгаштырган 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова канатына калкалап, асыроо милдетин өз жоопкерчилиге алган. Елена ошол эле Саруу айылындагы мектепке кирип, кыргыз тилинде билим ала баштаган.
Жергиликтүү тургундар Россиядан алып келинген балдарды багууга колдон келишинче көмөк көрсөтүп турушкан. Ошол учурдагы колхоздун төрагасы Амантур Байдылдаев менен жубайы Мааный орус кызы Еленаны багып алышат.
«Ленинграддан алып келинген балдарды аёо сезими менен карачубуз. Анткени ал жакта катуу согуш жүрүп, кыйроого учурап жатканын билчүбүз. Күндөрдүн биринде балдардын арасынан көк көздүү кызды байкап калдым. Ал менден 5 жашка кичүү болчу. Анан апамдын жанына барып, Елена менин сиңдим болуусун өтүндүм. Эртеси ата-энем аны үйгө алып келишти», – дейт А.Байдылдаевдин кызы.
Асырап алган атасынын досу — жазуучу Касымалы Баялинов орус кызы Еленага Гулия деген ысым ыйгарып, «Сен жетим эмессиң» деген аңгеме жазган. Ошентип, орус кызы Гулия деген ат менен таанылып, орус тилинде бир аз сүйлөгөнү болбосо кыргызча түш жоручу. Муну менен катар ал Ислам динин кабыл алып, апасы Мааный ага кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын ийне-жибине чейин үйрөтүптүр. Кокусунан айылдан бирөө Гулияны орус деп айтып алса, Мааный абдан таарынчу экен.
Мектепти аяктаган соң, ушул эле айылдагы Төлөгөн Миңкеевке турмушка чыгып, жолдошунун фамилиясына өтөт. Күйөөсү келинчегин Пржевальск шаарындагы медициналык окуу жайдан фельдшер адистигине окуткан. Гулия Саруу айылында фельдшер болуп иштеп, бир катар балдардын киндик энеси болууга жетишкен. Жубайлар 6 кыз жана 4 уулдуу болушкан. Алардын ысымдары — Роза, Раида, Рашида, Надира, Зухра, Жыргалбүбү, Ихсан, Давлет, Рашид, Агзам.
Гулия өмүр бою иниси Костянын дайынын биле албай кыйналган. Жолдошу Төлөгөн Костяны издеп табууга бардык күчүн жумшаса да иниси табылган эмес.
«Гулия» аттуу даректүү тасмадан үзүндү
1978-жылы «Кыргызфильм» киностудиясы Осипова-Байдылдаева-Миңкееванын тагдыры тууралуу «Гулия» аттуу даректүү тасма тарткан. 1979-жылы кыргызстандык режиссер Михаил Яковлев «Кыргызтелефильм» киностудиясы менен бирге Кыргызстанга эвакуацияланган ленинграддык балдар жөнүндө «Я хочу жить» аттуу даректүү тасма тартып, анда Гулиянын тагдыры да чагылдырылат.
Фильмди Ленинградда жашаган атасынын бир тууган инисинин кошунасы көрүп калып, агасына кабарлайт. Агасы «карындашым Лена каза болгон» деп көпкө чейин ишенбейт. Телевидениеге барып, даректүү тасманы кайрадан көрүүнү өтүнүп, ошондон кийин гана Ленанын тирүү экенин билет. Ал балдарын Сарууга жиберет. Ленинграддык туугандарды Миңкеевдердин үй-бүлөсү жылуу тосуп алып коноктойт. Бир аз убакыттан кийин агасы Гулия менен жолдошу Төлөгөндү Ленинградга чакырат. Жубайлар Ленинградда бир ай конок болушат. Гулия өмүрүнүн аягына чейин туугандары менен кат алышып, кабарлашып турган.
2002-жылы Гулия Миңкеева 67 жашында узак оорудан улам каза тапкан. Бүгүнкү күндө 6 кызы бар, ал эми уулдарынын баары дүйнөдөн өтүп кеткен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
