Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Зардалыга кетчү жол оңдолуп, тургундар кооптуу болгон айланма жолду колдонуп жатышат (видео)
Янгиликлар

Зардалыга кетчү жол оңдолуп, тургундар кооптуу болгон айланма жолду колдонуп жатышат (видео)

Май 15, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Баткен районунун Зардалы айылынын Даңги жолу жабылып, жашоочулар айланма жол менен каттап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, учурда көч мезгили болгондуктан, Зардалыга жол алгандар арбын.

Жайытка же эгин талаага көчкөн Зардалы айылынын тургундары мурда 80-90 чакырымдык Даңги жолу менен катташса, азыр айланма жол аркылуу 124 чакырым айланып барышууда. Бул жол кыйынчылыктарды жаратып жатканын жашоочулар билдиришти, анткени Даңги жолу учурда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган.

Айыл тургундарынын айтымында, учурдагы айланма жол абдан кооптуу. Өзгөчө жаан-чачын учурунда каттам биротоло токтоп калат. Себеби бул жолду Кашка-Суу дарыясы кесип өтөт, ал суу көбөйгөн учурда жолду жеп, жүрүүгө мүмкүн болбой калууда.

Жашоочулар бул көйгөйдү чечүү үчүн дарыяга атайын труба орнотуп, сууну өз нугу менен агызуу керек экенин белгилешет. Болбосо жакын арада бул жол да таптакыр жараксыз абалга кептеши мүмкүн.

Буга чейин Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолунун курулушу жүрүп жатканы маалымдалган.

Аталган жолдун узундугу 17,5 км.

Транспорт министрлиги жол президент Садыр Жапаровдун Зардалы айылынын эли менен 2024-жылдын сентябрында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы менен курулуп жатканын билдирген.

2024-жылдын ноябрь айында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кызыл-Таш—Зардалы автожолун курууга 389,2 млн сомдук тендер жарыялаган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБир заматта оор жоготууга учураган Ысык-Көлдөгү үй-бүлө
Next Article Оштогу чатактан кийин камалган ӨКМдин кызматкери менен мурдагы прокурор үй камагына чыкты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.