Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде соода жана өнөр жай аймактарын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу 16-апрелде президент Шавкат Мирзиёев билдиргенин өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.
Мирзиеевдин айтымында, жыл сайын Андижан облусунан Кыргызстанга 200 млн долларлык продукция экспорттолот. Буга байланыштуу мамлекет башчысы чек арага жакын райондордун биринде – Кургантепа же Хожаабадда эркин соода жана өнөр жай аймактарын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Шавкат Мирзиёев ишкерлер менен кеңешкенден кийин аймактардын бирин тандоону жана долбоордун мастер-планын даярдоону тапшырды.
Ал эркин зонаны Ооганстан менен чектешкен аймактардагыдай уюштурууга болорун белгиледи.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
