Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Синоптиктер жакынкы күндөрү Өзбекстандын аймагында абанын температурасы кескин жогорулай турганын эскертишти. Ысык аба ырайы өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө, анын ичинде түштүк жана чөлдүү аймактарында болот.
Өзбек гидромет кызматынын директору Шерзодхужа Хабибуллахужанын маалыматы боюнча, 14-майда ысык Каракалпакстанга, ошондой эле Хорезм, Бухара, Навои, Кашкадарья жана Сурхандарья облустарына жетет. Күндүз абанын температурасы 39…41 градуска чейин ысыйт. Ал эми түштүк жана чөлдүү зоналарда температура 42…43 градуска чейин көтөрүлөт.
15-16-май күндөрү аномалдуу ысык Өзбекстандын көпчүлүк бөлүгүнө жайылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
