Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 26-майда Өзгөн району боюнча 107 мектептен 6190 окуучу 9-классты, 4000 окуучу 11-классты аяктап жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максатбек Ибраимов кабарлады.
Маалыматка караганда, акими Каныбек Апбасов Өзгөн шаарындагы Курманжан датка орто мектебине барды. Район акими бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларды, окууда ийгилик жараткан окуучуларга ардак грамоталарды тапшырды.
«2024-2025-окуу жылында Өзгөн району боюнча 107 мектептен 6190 окуучу 9-классты, 4000 окуучу 11-классты аякташууда. 11-класстардын 1413 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестке катышкан», – деди Ибраимов.
Өзгөндүн Мырза-Аке айыл аймагы боюнча 9-классты 1675 окуучу бүтүрүп жатса, 11-классты 2250 окуучу бүтүрүү алдында турат.
«2024-2025-окуу жылында аймагыбыз боюнча райондук олимпиадага 48 окуучу катышкан. Анын ичинен облустук олимпиадага 10 окуучу, республикалык олимпиадага 2 окуучу катышты», – деди Мырза аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Руслан.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Караевдин айтымында мектептерге демөөрчүлүк кылган 20 жылдык маараке ээлерине айыл өкмөт тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
«Биздин айыл өкмөттү жалпы 9 мектеп бар. Анда 2955 окуучу билим алат. 10 жылдык, 20 жылдыкка келген бүтүрүүчүлгө ыраазычылык баракчаларын тапшырдык», – деди Караев.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 334 окуучу 9-классты, 145 окуучу 11-классты аяктап жатат.
Жазы айыл өкмөтүндө бүтүрүү кечеси 14 мектепте өттү. Айыл өкмөт башчы Улукбек Жээнбаев Зергер айылындагы А. Турабаев мектебиндеги акыркы коңгуроо аземине катышты.
Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 13 мектепте бүтүрүү кечеси уюштурулду.
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Сактан Келдибаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
«Сиздер биздин келечегибизсиздер. Ар бириңиздерден өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо турган мыкты адис, инсандар чыгат деп ишенем», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды