Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 22-май күнү Өзгөн шаарындагы «Айчүрөк» кинотеатрынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу шаар мэри Элдос Таев билдирди.
Анын айтымында, ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баш болгон жетекчилер катышты.
«Өзгөн шаарында «Айчүрөк» кинотеатрыбыздын ачылыш аземи жүрүп жатат. Бул кинотеатр 1974-жылы курулган. Андан кийин аябай кейиштүү абалга келип калганына байланыштуу 2024-жылы толук реконструкциялоо жумуштары башталган. Азыр иштер 100% аяктап пайдаланууга берилди. Өзгөн шаарынын эли жана меймандары өздөрү каалаган кинолорду, дүйнөлүк акыркы фильмдерди көрүп кетсе болот», – деди мэр.
Тактама:
Өзгөн шаарындагы «Айчүрөк» кинотеатры 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Кинотеатр 1990-жылдарга жетпей иштебей калган. Маданият министрлигинен Өзгөн шаарынын балансына 2024-жылы өткөрүлгөн.
2024-жылы октябрь айында келишим менен оңдоо иштери башталган. Кинотеатрдын жалпы көрүүчү залы 326 орундуу. Кичине VIP залдары да бар. Жалпы келишимдик баа 37 млн 700 миң сомду түзгөн. Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 10 млн сом, Ош облустук өнүктүрүү фондунан 9 млн сом бөлүнгөн. Калган акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган.
- Апрель айында кинотеатрды оңдоо иштеринин 90% пайызы аяктап калганы, жумуштар 15-майга чейин бүтө турганы белгилүү болгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
