Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылында жаңы кыш заводу ачылды. Бул тууралуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алайчиев билдирди.
Маалыматка караганда, анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев жана тургундар катышты. Бул ишканада күнүнө 100 миңден 120 миң даанага чейин кыш чыгарылып, айыл тургундарын жумуш орундары менен камсыз болот.
«Шералы айылында «Иман Билдинг» ЖЧК тарабынан 4 млн долларлык кыш заводу ачылып жатат. Бул жерде 60-90го чейин жумуш орундары пайда болууда. Бул завод күнүнө 100 миңден 120миңге чейин кыш чыгарат», – деди айыл өкмөт башчысы.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Иман Билдинг» ЖЧКсы 2024-жылы 20-мартта кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Нурматов Бактыбек Мирзаевич, түзүүчүлөрү катары Нурматов Тимур Бактыбекович, Осмоналиева Эркингуль Абдулашимовна, “Досмат” ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Ишкана кыш, черепица жана башка курулуш материалдарын чыгарат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
