Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жөө дамды сүзгөн шектүү кармалды, деп маалымдады Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-майда кечки саат 23:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында, Кеминге жакын жерде болгон. Анда 1960-жылы туулган А.К. аттуу жергиликтүү тургун жолду кесип өтүп бара жатканда шектүү «Хонда Акура» үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктан жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.
Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен каттоого алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, унааны 1996-жылы туулган Б.У. башкарып бара жаткан. Милиционерлер ал өлкөдөн чыгып кеткенин аныкташкан. Ал 5-майда «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынды.
ЖКККББнын Чүй облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсык катталган жерде Кемин районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору да иштешкен. Айдоочу күбөлөрдү суракка алып, унаа табылган жерди карап чыккандан кийин аныкталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
