Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жайылдын Орто-Суу айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ысымдары чегилген мемориал ачылды
Янгиликлар

Жайылдын Орто-Суу айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ысымдары чегилген мемориал ачылды

Май 9, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — 7-майда Жайыл районунун Орто-Суу айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ысымдары чегилген мемориал ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эстелик гранит плитасынан жасалып, ага Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фронтто болгон 200 айыл тургунунун — тылда эмгектенгендердин, ардагерлердин жесирлеринин жана согуш менен байланыштуу жергиликтүү тургундардын ысымдары чегилген.

Орто-Суу айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөнбек Жуматаевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Орто-Суу айылында 300 адам гана жашаган.

«Калинин аскер комиссариаты аркылуу 78 эркек фронтко чакырылган. Жоокерлерибиздин көпчүлүгү фронтто курман болгон, ал эми кайтып келгендеринин жаракаттары бар болчу. Маселен, атам Жуматай Буйлашев согуш учурунда оң бутунан жаракат алып, кийинчерээк ампутация болгон. Үйгө буту жок кайтып келген. Бирок эң негизгиси ал тирүү кайтып келди.

Бул эстеликке маалыматтарды чогултуу жарым жылга созулду. Биз жергиликтүү тургундардын арасынан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин, алардын аялдарынын, жесирлеринин, тылда кызмат кылгандардын маалыматтарын чогулттук. Андан кийин бул маалымат райондук Аскер комиссариаты жана айылдык кеңеш аркылуу бекитилди. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жардамы менен биз бул мемориалды 7-майда салтанаттуу түрдө ачтык», – деди Д.Жуматаев.

2015-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата жергиликтүү тургундардын демилгеси менен айылдын борборуна эстелик тургузулуп, ал үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аркылуу эсептен чыгарылган БРДМ (бронированная разведывательно-дозорная машина) алынган.

Бүгүнкү күндө айылда миңге жакын тургун жашайт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОшто коомдук транспортторго карата рейд өтүп, айрым айыптардын өлчөмү көрсөтүлдү (тизме)
Next Article Ысык-Көлдө Ленинград блокадасынын катышуучусу Татьяна Ступкинага сый көрсөтүлдү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.