Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Жалал-Абад облусунда 26-май – акыркы коңгуроо майрамы күнү спирт ичимдигин ичип, мас абалда унаа башкарган 20 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, жол кыймылынын эрежесин бузган 346 айдоочу аныкталып, чара көрүлгөн.
«Акыркы коңгуроо майрамын утурлай облустук жол кыймылын тескеген 115 инспектор, 18 мобилдик топ коопсуздукка көз салып күчөтүлгөн тартипте иштешти. Майрам күнү жол кыймылын эрежесин бузган 346 айдоочу аныкталды. Алардын ичинен 20 айдоочу мас абалда унаа башкарган. Жалпы 36 унаа айып короого токтотулду. Майрам күнү облус аймагында окуучулардын унаа айдап чыккан учурлары болгон жок», – деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды