Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 12-16-май күндөрү «Кереметке ишенем» коомдук фонду Онкология боюнча Улуттук борбор менен биргеликте облустагы бир катар аймактарда бекер медициналык кабыл алууну уюштурууда.
Малым болгондой, иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин колдоосу менен өтүп жатат.
Иш-чаранын алкагында жарандар тажрыйбалуу дарыгер-онкологдордон саламаттыгы боюнча кеңеш алып, зарыл учурда кошумча текшерүүлөргө багыттамалар менен камсыз болушат.
«Дарыларды эрте аныктоо — ийгиликтүү дарылоонун негизги кадамы. Ошондуктан ден соолугунда өзгөрүү байкаган, өзүн жайсыз сезген жарандарды акысыз консультация алууга чакырабыз», – деп билдиришти уюштуруучулар.
Акысыз кабыл алуунун графиги:
– 12-13-май — Жалал-Абад облустук ооруканада;
– 14-май — Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
– 15-май — Базар-Коргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
– 16-май — Майлуу-Суу шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда.
Иш-чара калк арасында онкологиялык оорулардын алдын алуу, өз учурунда дарыгерге кайрылуу маданиятын жайылтуу максатын көздөйт.
Онкология улуттук борборунун (ОУБ) дарыгерлеринин Жалал-Абад облусуна чыгуучу иш сапарынын концепциясы:
Онкология улуттук борборунун (ОУБ) дарыгерлеринин Жалал-Абад облусуна чыгуучу миссиясы — бул онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана жеринде адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын жыйындысы. Чыгуучу топтун курамына маммолог, гинеколог, балдар онкологу, УЗИ адиси жана жалпы онколог кирет.
Ошондой эле алыскы аймактарда жашаган калк үчүн квалификациялуу онкологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. Бул чыгуулар Онкология улуттук борборунун дарыгерлери менен жергиликтүү дарыгерлердин ортосунда кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана жер-жерлердеги онкологиялык кызматты чыңдоого жардам берет.
Чыгуудагы негизги максаттар:
– Жалал-Абад облусунун жашоочуларынын арасында эмчек рагы, жатын моюнчасынын рагы жана балдардын онкологиялык оорулары сыяктуу илдеттерди скрининг жана диагностикалык текшерүү аркылуу эрте аныктоо;
– Калктын онкологиялык оорулардын алдын алуу, өз убагында дарыгерге кайрылуу жана үзгүлтүксүз текшерилип туруу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу;
– Жергиликтүү медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууларды, консультацияларды жана биргелешкен бейтаптарды кароону уюштуруу;
– Онкологиялык шек менен бейтаптарды андан ары көзөмөлдөп дарылоо үчүн Онкология улуттук борборунун жана башка адистештирилген мекемелерге багыттоо маршруттарын түзүү;
– Текшерүүдөн өткөн жарандар боюнча маалымат базасын түзүп, онкологиялык оорулардын деңгээлин талдоо жана келечектеги иш-чараларды пландаштыруу.
Иш сапарга даярдык көрүүдө:
• Ар бир район жана жалпы облустун алкагында өзүнчө кеңири отчет даярдалып, онкологиялык кызмат боюнча негизги көйгөйлөр көрсөтүлөт;
• Ар күнү кароодон өткөн жарандардын тизмесин аты-жөнү жана байланыш маалыматы менен жиберип туруу;
• Ар бир райондо коммуникациялык коштомону уюштуруп, күндүн аягында алдын ала даярдалган чек-листтин негизинде аким жана райондук координатор менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди талдоо;
• 6–8-май аралыгында жолугушууга даярдыкты сүйлөшүү үчүн онлайн жолугушуу өткөрүү жана Онкология улуттук борборунун дарыгерлеринин арасынан жооптуу адамды дайындоо.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
