Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 16-майда Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Маалым болгондой, ага жергиликтүү жетекчилер, баатыр энелер, шаардагы мекеме, ишканаларда эмгектенген айымдар, шаар тургундары катышты. Бир катар энелерге ардак грамоталар тапшырылды.
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Учурда Жалал-Абад шаарында 250дөн ашуун «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалын алган 50 аял бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
