Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсү менен Т.Байзаков көчөсүнүн кесилишинде жаштар аллеясы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, бул жердеги мурунку «Бакыт» телеграфтын орду аллеяга айланды. Анын ачылыш аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баш болгон жетекчилер жана шаар тургундары катышты. Бул жайдын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 14 млн 945 миң сом жумшалган.
- Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аталган аллеянын ордунда жана сел каналдын үстүндө мыйзамсыз курулган соода жайларды, тез татым жайларын буздуруп, шаарга көрк берген заманбап аллея куруу тапшырмасын берген. Мындан улам шаар бийлиги тарабынан сел каналдын үстүнө түшкөн имараттарды буздурулган.
Буга чейин Turmush басылмасына Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев Н.Айматова көчөсүндөгү аталган борбордун имараты жана Т.Байзаков көчөсүнүн жээгинде жайгашкан «Бек бургер» тез тамактануучу жайы, анын катарында жайлар да бузуларын билдирген.
Анын айтымында, 2023-жылы Жалал-Абад шаардык прокуратурасы ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү боюнча шаардык кеңешке сунуштама берилген. Аталган борбор Чөкө-Арык сел каналынын коргонуу зонасына кирип, канал үстүнө мыйзамсыз курулуп калганы жүйөө катары келтирилген.
Аталган сунуштаманын негизинде шаардык кеңеш Жалал-Абад облусунун административдик сотуна Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2007-жылдын 2-февралындагы №99 сандуу буйругун жараксыз деп таап берүүнү өтүнгөн. Доо менен бирге административдик доогер доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнмө менен кайрылып, анда доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнү сураган. Жалал-Абад облустук административдик соту 2024-жылдын 8-февралында аталган өтүнүчтөрдү канаттандырган.
Кубанычбек Иманалиев бул иш Жогорку соттун кароосунда турганын кошумчалаган.
- Ал эми 2024-жылдын июль айынын аягында сквердин курулушуна тоскоолдук жараткан соода жайлары буздурулуп баштаган.
Андан кийин 2025-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан гүл бакча апрель айынын аягына чейин пайдаланууга берилери белгилүү болгон.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы Дастан Кошназаров 2024-жылдын август айында калаанын Т.Байзаков проспектисиндеги «Бек бургер» тез татым жайы жана Н.Айтматова көчөсүндөгү «Бакыт» телеграфындагы соода түйүндөрүнүн имараттарын бузуу иштери башталганын, ал эми декабрь айында ал жердеги 15-20 сотых жерге сквердин курулушу башталганын айткан.
«Гүл бакчанын сметалык баасы 15 млн сом болгон. Курулушка тендер жарыяланып, андан «Амазон Стиль» ЖЧКсы 14 млн 945 миң сомго утуп алган. Буга чейин аба ырайына байланыштуу жумуштар токтоп турган, акыркы 2-3 күндө курулуш жанданды. Азыркы тапта сквердин курулушу 68%га аяктап калды. Ал 31-апрелге чейин пайдаланууга берилет», – дейт Кошназаров.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Амазон Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Абдурашитов Эрдастан Абдулмухамметович. Компания 2022-жылы 24-августта каттоодон, 2022-жылдын 26-декабрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
