Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун аймагындагы мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, шаар мэри Эрнисбек Ормоков калаадагы №5 Б.Осмонов атындагы мектепте болду. Аталган мектеп быйыл 60-бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруп жатат. Ага мугалимдер, ата-энелер жана мектепти аяктаганына 35 жыл болгон бүтүрүүчүлөр катышты. Саамалыкта сөз сүйлөгөн шаар мэри акыркы учурда мектеп окуучулары үчүн көрүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып өттү.
«2024-2025-окуу жылында шаарбыздагы №18 “Манас-1000” мектебине, №25 Мыктарбек Төрөмаматов мектебине 2 кабаттуу жаңы имараттар жана №30 Фурхат мектебине да 3 кубаттуу имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми быйыл да шаарыбызда бир топ ири курулуштар ишке ашырылып жатат. Алардын арасында билим берүү мекемелери бар. Атап айта турган болсок, шаарыбызга караган Гулистан айылына 180 орундуу бала бакчанын курулат, Ырыс айылындагы №30 Фурхат мектебинин эски имаратын бала бакчага айландыралы деп жатабыз. №14 мектепке 700 орундуу жаңы имарат, спорт зал курулуп жатат, Ак-Тилек кичи шаарчасын жаңы мектептин курулушу башталуу алдында турат. Дөмөрдөгү №24 мектептин ордуна да жаңы имараттын курулушу башталды. Мындан сырткары, Арал айылына 75 орундуу бала бакча курулуп жатса, Лавдан-Кара айылындагы №27 мектепке да жаңы имарат курулат. Мындан сырткары, бир катар билим уялары да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт», – деди Э.Ормоков.
Мындан сырткары, ал бул жылы шаардагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебин толук реконструкциялоодон өткөрүп жатканын, анын жанына Бокс академиясынын, көркөм сүрөт мектебинин курулушу да кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.
- 2024-2025-окуу жылында Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жана жеке менчик мектептерден жалпы 3715 окуучу 9-классты, ал эми 1525 окуучу 11-классты аяктап жатат.
Жалал-Абад облусунда 23-28-май күндөрү жол кыймылын тескөөчүлөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Баенов билдирген.
Анын айтымында, бөлүмдүн ички тескемесине ылайык жооптуу кызматкерлер бөлүнгөн.
«23-майдан тарта биздин бөлүмдүн ички тескемесине ылайык дубандагы бардык район-шаарларга борбордук аппараттан кызматкерлер жооптуу болуп бөлүнүп, ошол аймакта күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Анын негизги максаты алдыда келе жаткан акыкы коңгуроо аземдери жана 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларда ар кандай кырсыктардын алдын алууга багытталган. Кызматкерлер 5 күн бою күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат», – деген ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
