Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунда чет өлкөлүк номердеги жол тандабастар кырсыкка кабылды. Мындай маалыматты Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 30-апрель күнү саат 20:00дөр чамасында орун алган.
«Биз жумуштан чыгып үйгө бара жатканбыз. Жалал-Абад—Октябрьский унаа жолунда Кытай Эл республикасына таандык болгон мамлекеттик белгидеги жол тандабастар кырсыктап, чет өлкөлүк жарандар чогулуп турушуптур. Биздин баамыбызда кырсыктан бир чет өлкөлүк жараат алган. Биз жол же базар куруп жаткан кытайлар го деп ойлогонбуз», – дейт окуянын күбөсү.
Аталган кырсык боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн же бейтапканадан расмий маалымат ала алган жокпуз.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
