Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жарандык никедеги күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял акыйкатчы менен жолукту
Янгиликлар

Жарандык никедеги күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял акыйкатчы менен жолукту

Май 22, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Социалдык тармакта жолдошунан үй-бүлөлүк зомбулук көргөндүгү тууралуу маалымат тараган аял менен акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жолукту.

Акыйкатчы институнун басма сөз кызматы маалымдагандай, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 38 жаштагы аялдын иши жеке көзөмөлгө алынды. Жолугушууда жолдошунун зомбулугунан жабыркаган К.У. аттуу аял азыркыга чейин дарыланып жатканын, жакынкы күндөрү ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасаларын билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, окуя 2025-жылдын 7-мартынан 8-мартына караган түнү болгон. Жарандык никеде 3 жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.

«Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү тайенесиникине кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди», – деген аял.

Улуттук госпиталдын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн дарыгерлеринин маалыматына ылайык, ал ооруканага жеткирилген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгон. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк 3 жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.

Жабырлануучу жигитинин туугандарынын басымы менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызын кайтарып алганын айткан.

Ал 9 жана 7 жаштагы балдарын жалгыз багып келерин айтып, акыркы 2,5 айдан бери иштей албай, дарыланып жүргөнүн кошумчалаган.

Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоодо жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Аял кайрадан Ленин РИИБге арыз жазып, акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleӨзгөн шаарында 37 млн сомго оңдолгон «Айчүрөк» кинотеатры ачылды
Next Article Бишкектеги 23 мектепте 1-2-класстарга кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.