Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жаратылышка чыкканда кенеден кантип коргонуу керек?
Янгиликлар

Жаратылышка чыкканда кенеден кантип коргонуу керек?

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ат-Башы районунда 2024-жылы апрель айында кене чаккан эки адамдын канынан вирустук кене энцефалити, боррелиоз, Конго-Крым лихорадкасынын антителалары табылган. Мындан улам кара тумоого каршы бөлүмүнүн эпидемиологунун жардамчысы Каныбек Асаналиев кене чаккандан сак болуу жана кене чаккан учурда токтоосуз дарыгерге кайрылууну эскертти.

Кене чаккандан сактаналы

Күн жылып, жаздын келиши менен адамдар таза абага чыгып, сейилдөөнү көбөйтөт. Бул мезгилде курт-кумурскалар да көп чыга баштайт. Алардын бири — кене. Облус боюнча жылына жүздөн ашуун адам кенеден жабыркап, дарылоо мекемесине кайрылышат. Энцефалит оорусу кенеден жугат. Вирустук кене энцефалити — айрыкча борбордук нерв системаны жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, республикада вирустук кене энцефалитинин табигий байырлаган жерлери бардык климаттык аймактарда аныкталган жана адам үчүн коркунуч туудуруу даражасы белгиленген.

Вирустук кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга кене чаккан учурда анын шилекейи аркылуу жугат. Кенелер көбүнчө адамдар токойлорго барган учурда чагат. Кээде токой, талаалардан үй жаныбарларына жабышып келген кенелер да оорунун булагы болуп саналат. Мындан тышкары тамак-аш аркылуу, көп учурда эчкинин, кээде уйдун чийки сүтүн пайдаланууда жугушу мүмкүн. Кене массалык түрдө каптаган учурда вирус сүттө дагы болушу ыктымал. Ошол себептен сүт азыктарын кайнаткандан кийин ичүү керек.

Вирустук кене энцефалитине бардык адамдар жаш курагына жана жынысына карабастан кабылат. Көбүнчө жугузуп алуу тобуна жумушу токой, талаа менен байланыштуу болгон адамдар кирет. Ал эми айыл тургундары чарбалык иштер убагында, балык уулаганда, мергенчиликке же болбосо эс алууга чыккан учурда кенелер жабышат.

Оорунун белгилери: көп учурда 7-14 күнгө, кээде 1-60 күнгө чейин созулат. Оору кескин кармап, калчылдоо, баштын катуу оорусу, дене таптын 38-39 градуска чейин кескин жогорулашы, көңүлдүн айланышы, кусуу менен башталат. Андан тышкары ийни, көкүрөк жана арканын бел тарабы, колу-бутта орун алган булчуңдардын оорушу оорулуунун тынчын алат. Оорулуунун жүзү кызарып чыгат. Кээ бир учурда денеге дагы жайылат. Эгерде жогорудагы саналып өткөн белгилер пайда болсо, анда өз учурунда айылдык ФАПтарга же ооруканага кайрылуу зарыл.

Вирустук кене энцефалитинен кантип коргонууга болот?

Кене энцефалити менен ооруп калууга спецификалуу эмес жана спецификалык алдын алуунун жардамы менен бөгөт коюуга болот:

– Спецификалык эмес алдын алууда атайын коргоочу костюмдарды (кооптуу топтор үчүн) же ыңгайлаштырылган кийимди колдонууну камтыйт;

– Спецификалуу алдын алуу чаралары: вирустук кене энцефалитине каршы жаратылыш менен байланыштуу болгон тобокел топторго эмдөө жүргүзүлөт.

Кенени кантип чыгарабыз?

Жабышып калган кенени ага канды көпкө сорууга жол бербестен мүмкүн болушунча тезирээк чыгаруу абдан маанилүү. Муну ҮДТнын медициналык кызматкерлери менен же сынык-жаракат пунктунда жасаган жакшы. Ал эми үй шартында же табият кучагында адамдын денесине кирген кененин тумшугун үзүп албаш үчүн учу ийри пинцет менен мүмкүн болушунча тумшугуна жакын жерден кыпчып, кылдаттык менен тартып, андан кийин өз огунда ыңгайлуу тарапка айландырганда кене тумшугу менен бүтүн чыгат. Жаракатты 70% спирт же 5% йод менен тазалайт. Чыгарылган кенени айнек идишке салып, жакын аралыктагы ФАПка же ооруканага жеткирүү керек.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкекте жаш кызга жардам көрсөткөн жаран анын жигити менен мушташты
Next Article Караколдогу катуу шамал эки үйдүн чатырын учуруп, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.