Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык боксчу Аделя Асылбек кызы жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. 2007-2008-жылы төрөлгөн мушкерлер арасындагы турнир Шри-Ланкада өтүп жатат.
Асылбек кызы 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешти 15-майда 1/4 финалдан баштаган. Ал алгачкы беттешинде Шри-Ланканын спортчусунун үстүнөн экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
20-майда Асылбек кызы финалга чыгуу үчүн тажикстандык Мино Азамзодага каршы рингге чыкты. Үч раунддун жыйынтыгында кыргызстандык кыз 5:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Эми 20-майда Аделя Асылбек кызы алтын медаль үчүн казакстандык Толганай Касымханга каршы беттешет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
