Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Унаанын алдында калып, жабыркаган баланын абалы орточо оор. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Учурда бала дарылануусун улантууда. Анда түрдүү сыныктар, мээ контузиясы жана башка жаракаттар аныкталган. Ага алдыда операция жасалат.
Жол кырсыгы 10-май күнү кечинде Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Бишкек ШИИББдин маалыматы боюнча, унаанын айдоочусу 22 жаштагы кыз болгон. Ал унаасын артка айдап бара жатып, жолдо ойноп жаткан эки баланы байкабай, алардын бирин сүзүп алган. Экинчи бала четке качууга үлгүргөн.
2016-жылы туулган жабырлануучу бала көптөгөн жаракаттар менен 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп, унаа айып короого токтотулган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					