Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жекше Субанбеков Ысык-Көлгө келген космонавт Юрий Гагаринди кооз жерлерге ташыган
Янгиликлар

Жекше Субанбеков Ысык-Көлгө келген космонавт Юрий Гагаринди кооз жерлерге ташыган

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын кезектеги каарманы Жети-Өгүз районунунун Жон-Булак айылынын тургуну Жекше Субанбеков. 

Жекше аксакалдын 65 жаштагы уулу Кеңеш Субанбеков атасынын өмүр таржымалын төмөндөгүдөй баяндайт.

«Атам Жекше 1938-жылы жарык дүйнөгө келген. Жон-Булак айылында 8-класска чейин билим алып, 9-10-классты Жети-Өгүз айылынан аяктаган. 1956-жылы Каракол шаарындагы окуу жайдын бирине тапшырып, айдоочулук кесипти ийгиликтүү аяктаган. Алгачкы эмгек жолун өзү туулуп өскөн кичи мекенинен баштаган. Ошону менен дээрлик 45 жылдык өмүрүн айдоочулукка арнап, айылда эл оозуна алынган кадыр-баркка ээ болду. Союз мезгилинде колхоздун, жергиликтүү башкарманын унааларын күн-түн айдап кызмат көрсөттү», – деди ал.

Конкино айылындагы «Дружба» колхозунун башкармасында айдоочу болуп иштеген Жекше ата күтүүсүз жерден белгилүү космонавт Юрий Гагарин менен жүз көрүшүп, Жети-Өгүздүн жаратылышына алып барган.

«1964-жылы дүйнөдөгү биринчи космоско учкан белгилүү космонавт Юрий Гагарин Кыргызстанга чакырылып, эс алууга келет. Биринчи эле Жети-Өгүз районундагы Тосор айылына келип, айыл эли боз үй тигип, жылкы союп, жакшы маанайда тосуп алышат. Эл апийимде жүрсө да Гагарин менен учурашууга жалпы чогулушат. Андан кийин Барскоон капчыгайына барып, 3 күн жаратылыштын кооздугуна суктанып, эс алат. Андан соң Конкино айылындагы «Дружба» колхозуна да келет.

Ошол убакта башкарманын шопуру болгон Жекше атам Жети-Өгүз курортуна, Көк-Жайык жайлоосуна алып барган экен. Атамдын эскерүүсүнө караганда Ю.Гагарин шамдагай, шайдоот, маңдайы жарык, кандай аш болсо да, алдыга келген тамакты тандабай жеген адам болгон экен. 

Ал Москвадан 5-6 аскер кызматкери, анын ичинде Түркстан Аскер округунун комиссары генерал-лейтенант Лященконун коштоосу менен келген. Гагарин дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө барса да мындай абасы таза, жаратылышы кооз жерлер аз экендигин айтканын бизге эскерип берген эле. 

Акырында Жекше атага ыраазычылык билдирип, белегин берип, чогуу сүрөткө түшүшкөн.  Кийин сүрөттөрдү почта аркылуу Москвадан салып жиберген. Учурда Москвадан келген сүрөттөрдү үйүбүздө эстелик катары сактап келе жатабыз. Бар өмүрүн, күчүн СССРге арнаган атамдын ысы айылыбызда кадыры бийик бааланат. 2015-жылы 77 жаш курагында акка моюн сунду. Андан көп өтпөй жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл элинин колдоосу менен Жон-Булак айылынын бир көчөсүнө ысымы ыйгарылды. Апам экөө 3 эркек, 4 кызды тарбиялап, 32 небере, 85 чөбөрө көрүштү», – деди ал. 

1961-жылы 12-апрелде дүйнөдө биринчи болуп Юрий Гагарин космоско учкан. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЭмгек министрлиги Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптерди атады
Next Article Асел Байкеева «Жыл мугалими — 2025» сынагында 1-орунду жеңип алды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.