Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылында Жеңиш күнү белгиленди.
Жайнак Желденбаев атындагы Боз-Бешик жалпы орто билим берүү мектебинин директору Назгүл Алакенованын айтымында, Жеңиш майрамын айыл эли өзгөчө күтүп, жыл сайын белгилешет.
«Биздин айыл көл жээгинде жайгашкан чакан айыл. 266 түтүндө болжол менен 1500дөй адам жашайт. 1941-жылы биздин кичинекей айылыбыздан 80 киши кан майданга аттанып, алардын жарымы согуш талаасында курман болгон. Жеңиш майрамын айыл эли өзгөчө күтүп, жыл сайын белгилешет. Бул жолу да окуучулар Берлин шаарын сүрөткө түшүрүп, жеңиш желегин орнотушту. Мектеп мугалимдери, окуучулар жана айыл тургундары көчөлөр менен майрамдык жүрүш жасап өтүштү. Аталарга таазим», – дейт ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					