Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылынын тургуну,, элеттин имамы Жолдош Өмүрканов уулу Абдурахим Конокбаев менен биргелекте 2 жылдан бери кулпунай өстүрүп келет. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.
Дыйкандан айтымында, азыр кулпунайдын 3 сортун өстүрүп жатышат.
«Өткөн жылы уулдарым кулпунай өстүрүү демилгесин көтөрүп иш баштадык. Алгач 20 сотых жерге олтургуздук. Анан дагы ижарага жер алып кеңейттик. Азыр 35 сотых жерде кулпунайдын 3 сортун өстүрүп жатабыз. Эмгекти жана каражатты талап кылат экен. Көчөттөрдү Түркиядан буйуртма менен сатып алдык. Өткөн жылы жаңы баштагандыктан улам түшүм бир аз берген. Быйыл түшүм берип баштады. Азыркы күндө алармандар көп болууда. Уулум кулпунай өстүрүүнү өз алдынча изденип, эми түшүмүн алып жаткан кези», – деди имам.
Уулу Абдурахим чет жерге барып иш издеген жаштар арбын экенин айтып, ал өз өлкөсүндө эле дыйканчылык менен алектенип, кулпунай өстүрүүнү колго алганын кошумчалады.
«Айыл жергесинде эмне иш кылсам экен деп ойлонуп, социалдык түйүндөрүнөн кулпунай өстүрүү боюнча маалымат алдым. Азыр азия, кабрила, монтерей деген 3 сорт өстүрүп жатабыз. Азия сорту 50 күндөн ашык түшүм берет экен. Азыр 1 кг 280 сомдон дүң өткөрүп жатабыз. Күн алыс теребиз, кудайым буйурса түшүмдүн башталышы жакшы. Айыл эли да сатып алып турушат.
Атам дайыма ишимди колдоого алып, көмөк көрсөтүп келет. Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен маал-маалы менен сугарып турабыз. Келечекте дагы жер аянтын кеңейтип кулпунай өстүрүүнү, көчөт чыгарууну максат кылып жатам», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
