Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочулары арасында профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, май айындагы майрамдык эс алуу күндөрүнө карата Ысык-Көлгө келгендердин саны кескин түрдө өскөндүгүн эске алып, облустук ЖКККБнын кызматкерлери 1-майдан тарта Бишкек шаарынан чоң автобустар менен келген жарандарды Балыкчы шаарынан тосуп алып, ЖКККБ тарабынан уюштурулган кичи автобустарга жайгаштарып, жарандардын суранычы боюнча Ысык-Көлдүн бардык шаар-райондоруна жеткиришүүдө.
Ошол эле учурда жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочулары арасында профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралар уюштурулууда. Муну менен катар жол кире баасын себепсиз жогорулатып, жүргүнчүлөр арасында нааразычылыктарды жаратпоо, жол эрежелерин, мыйзамдардын талаптарын аткаруу жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.
Облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жарандарга сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүгө багытталган мындай иш-чаралар май айындагы эс алуу күндөрү аяктаганга чейин улантылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
