Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын төрагалары сүйлөштү
Янгиликлар

Жогорку Кеңеш менен Мамдуманын төрагалары сүйлөштү

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Россия Федерациясы менен калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, бул жолугушуу алакаларды дагы тереңдетүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.

“Жылдан-жылга байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, эки өлкө башчыларынын 2023-жылы уюштурулган эки тараптуу расмий сапарлары өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түздү. Андыктан, жетишилген кызматташтыкты мындан ары да улантуу үчүн парламенттер аралык байланыштарды арттыруубуз кажет. Анткени, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ”, – деди төрага.

Бул багытта Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын ортосундагы диалог эл аралык аянтчаларда да жигердүү өнүгүп келе жатканын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу буга КМШ ПАА жана ЖККУ ПА өңдүү парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды мисал кылды. Ошондой эле өткөн жылы Федералдык Кеңештин жана Мамлекеттик Думанын жетекчилеринин чакыруусу менен Жогорку Кеңештин делегациясы “БРИКC+” форматындагы пленардык отурумга катышканын эске салган төрага мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө түрткү берерин белгиледи.

Муну менен катар быйыл июлда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кол коюлган Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга 25 жыл толорун айткан Нурланбек Тургунбек уулу калыптанган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Тагыраагы, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,5 млрд АКШ долларына жеткенин маалымдап: “Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан, жакынкы аралыкта соода байланыштарыбызды дагы тереңдетип, 5 млрд долларга жеткирүүбүз кажет. Бул үчүн эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун да байланышын арттыруубуз зарыл. Айрыкча биз россиялык инвесторлор менен тыгыз иш алып барууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди.

Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, анын ичинен билим берүү жаатындагы алакалар тууралуу да сөз кылган төрага азыркы тапта 16 миң кыргызстандык студент Россиянын алдыңкы окуу жайларында билим алып жатканын мисал кылды. Ошону менен катар Кыргызстанда Россиянын көмөгү менен 9 заманбап мектепти куруу иши жүргүзүлүп, билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн кызматташтык ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын  белгиледи.

Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты.

Өз кезегинде Вячеслав Володин расмий сапарынын максаты тууралуу сөз кылып, ушундай жолугушуулар парламенттик кызматташтыкты гана кеңейтпестен, жалпы эле мамлекеттер аралык байланышты чыңдоого көмөкчү болорун белгиледи.

Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтып: “Анын ичинен соода-экономикалык алакаларды арттырып, өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген өнөктөштүктү өрчүтүүбүз кажет”, – деди Володин. 

Ал эми миграциялык маселелерди парламенттер аралык комиссиянын алкагында, тиешелүү мекемелердин катышуусунда карап, аталган багытта эки тараптуу иш алып баруу керектигин билдирди.

Муну менен катар кесиптешин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктаган Мамлекеттик Думанын төрагасы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти камсыздоодо кыргызстандыктардын салымы зор болгонун белгилеп: “Кан майдандагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, алаамат маалында жер которуп келгендерди, айрыкча кичинекей балдарды өз бооруна тартып, өз балдарындай асыраган кыргыз энелеринин кайратмандыгы баарыбыздын эсибизде”, – деди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖети-Өгүздө Бишкектен келген студенттер малга 10 операция жасашты
Next Article Эмгек министрлиги Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптерди атады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.