Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 25-мартта тартылган видеодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндөгү жоокерлерди кемсинтүү фактысы болгон. Бул тууралуу 12-майда «Биринчи радионун» эфиринде министрликтин кадрлар башкармалыгынын тарбия бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Бектурсунов билдирди.
«Социалдык тармакка тараган видео болжол менен 25-мартта тартылган. Буга чейин аталган видео эч жерге чыккан эмес. Бирок бул факт боюнча бизде оозеки маалымат бар болчу. 26-март күнү министрликтин борбордук аппаратынын комиссиясы түзүлүп, ошол күнү териштирүү иштерине жөнөгөнбүз», – деди Бектурсунов.
Социалдык тармактарга 11-майда тараган видеодон жоокерлер эрмектелип, кордолуп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин ӨКМ окуя ушул жылдын февраль айында болгонун билдирген. Ишти Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тергеп жатат. Шектүүлөр Аскер прокуратурасына жеткирилди.
Президент Садыр Жапаров 12-майда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн катуу сөгүш жарыялады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
