Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Быйыл Түгөл-Суу декадалык суу топтоочу жайы президенттин катышуусунда ишке берилет.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 15-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында курулуш иштери жүрүп жаткан Түгөл-Суу суу топтоочу жайынын курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Ишенбек уулунун маалыматында, Жумгал районундагы 3,2 млн м³ көлөмдөгү Түгөл-Суу суу топтоочу жайынын (БДР) курулуш иши Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, акыркы 2 жылдан бери курулуп келет. Топтоочу жай ишке берилсе 2 млн 850 куб суу пайдаланылат. Азыркы мезгилде дамба салынып, каналдары жасалып, суу өтүүчү түтүкчөсү бүткөрүлдү жана суу агымын жөнгө салып агызуучу каналдары курулуп жатат.
Төраганын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, декадалык суу топтоочу жайы ушул жылы ишке берилет. Ага президент өзү катышат. Бул суу буга чейин сай менен коромжу болуп пайдаланылбай агып турган. Эми суу топтолгон соң дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Долбоор үч лот менен ишке ашырылып, жалпы тендердик сумма 9,3 млн долларын түздү. 2025-жылдын май айына карата 4,8 млн доллар өлчөмүндө иштер аткарылды.
Долбоордун жыйынтыгында 6 айылдын эли сугат суусу менен камсыздалат. 3208 гектар жердин сугат мүмкүнчүлүгү жакшыртылып, 1600 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Суу чарба башкармалыгынын билдүүсүнө таянсак, Жумгал районунда жалпы ирригациялык 6 БСР курулса 9 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат маселеси толук чечилет.
Буга чейин Turmush басылмасы Суу сактагыч курулуп бүтсө, Түгөл-Сай айыл аймагында 2172 гектар, Чоң-Дөбө айыл аймагында 793 гектар, Таш-Дөбө айыл аймагында 930 гектар, Куйручук айыл аймагында 157 гектар, Жумгал айыл аймагында 239 гектар жер сугат суу менен камсыз болорун жазган.
Долбоор 3 бөлүк менен ишке ашырылууда. Биринчи бөлүктө декадалык жөнгө салуучу бассейиндин (БДР) ордун куруу иштерин «Профит-Экспресс» жана «Техноцентр» ЖЧКлары аткарууда. Ал эми чарба аралык жана ички аралык каналдарды куруу иштерин «Жумгалсуукурулуш» жана «Профит-Экспресс» ЖЧКсы аткарууда.
Долбоордун жалпы наркы 9 млн 344 миң 448 долларды түзөт.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Профит-Экспресс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Марат уулу Адилет, түзүүчүлөрү — Шукуров Съездбек Мусакеевич жана Саякбаев Рустам Темирбекович. Компания 2007-жылы 18-майда каттоодон, ал эми 2024-жылдын 15-февралында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
