Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жумгалда 1,14 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды
Янгиликлар

Жумгалда 1,14 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Май 26, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы Ремонттук-техникалык станциясына (РТС), азыркы «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсына тиешелүү 1,14 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

РТС СССР мезгилинде айыл чарба жана курулуш техникаларын оңдочу. Бул объекттин аянты 4,5 гектарды түзгөн.

СССР тарагандан кийин РТС «Жумгал агротехникалык бирикмесине» айланып, кийин Айыл чарба министрлигинин Жер-агрардык реформа боюнча коллегиясынын токтому менен 1999-жылдын 12-июлунда «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн. Анын директору болуп Чаек айылынын тургуну Б.Т.С. дайындалып, башкаруу функциялары Жер жана агрардык реформа боюнча борборго өткөрүлүп берилген.

Аталган борбордун директору О.Т. жана Б.Т.С. банкрот деген шылтоо менен «Жумгал-Айылтехсервистин» активдерин жеке менчикке чыгарышкан.

Тактап айтканда 2004-жылы 0,4 га жер, «Жумгал-Айылтехсервистин» имараттары «Жумгал сервис» кооперативине өткөрүлүп берилген. Объекттер алдын ала пландалган схема боюнча юстиция органдарындагы жакын адамдарга катталган. Калган жер «Жумгал-Айылтехсервистин» уставын, Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун жобосун бузуу менен жеке менчикке чыгарылган.

Кайтарылган жер Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлдү. Учурда жергиликтүү бийлик аймакка ипотекалык турак жай куруу маселесин карап жатат.

Буга чейин «Жумгал-Айылтехсервистин» имараттары мамлекеттин менчигине кайтарылган болчу. Калган мүлктү кайтаруу боюнча иш-чаралар уланууда», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Кыргызэнергострой» Ороктогу 8,1 га жерди курулушу менен чогуу мамлекетке өткөрүп берди
Next Article Будёновка мектебине Үсөйүн Адиковдун ысымы ыйгарылып, 50 жылдык мааракеси белгиленди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.