Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жумгал районунда бош орундар жармаңкеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 26 кесиптик лицейде 12 жумушсуз жаран ширетүүчү, 12 жаран тигүүчү курстарынан өтүштү. 29 жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга орношуп, 64 200 сомдун жумуштарды жасашкан. Мындан тышкары, 18 жумушсуз ар кандай кесиптеги жумуштарга орношту. Мындан тышкары, социалдык контрактын негизинде жыл сайын жүздөгөн жарандар 100 миң сомдук ишкерлик кылууга көмөк алып келишет.
Жумгал райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө 2025-жылдын 1 майына жалпы 266 жумушсуз жаран каттоодо турат анын 106сы аял жолдоштор.
- Азыркы мезгилде Жумгал райондук ооруканасына 22 дарыгер, билим берүүгө 9 мугалим, музыкалык мектепке 3 музыкант, шаар куруу жана архитектура башкармалыгына 4 инженер, сулуулук салондорго 5 мастер орундары бош.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
