Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Таласта ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында, спартакиада өткөрүлгөн.
Мелдешке Талас ОИИБдин, Талас ШИИБдин, ошондой эле Талас, Бакай-Ата, Манас, Айтматов райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Спорттук иш-чаранын алкагында чоң футбол, гиря көтөрүү, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча күч сынашуу уюштурулду.
Спартакиаданын жыйынтыгында:
– 1-орунду Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) командасы;
– 2-орунду ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн командасы;
– 3-орунду Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) командасы камсыз кылышты.
Жеңүүчү командаларга уюштуруучулар тарабынан кубок, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
